Саламатсызбы Мен да ичимдегини айтып жеңилдеп алууну туура көрдүм. 2017 жылы Москвада Тахмина аттуу кыз менен таанышып, жактырып сүйлөшүп жүрдүм. Кыскасы мен ойлогондой кыз эле. Болгону адашып алданып калган экен. Менин эмне дээримди түшүндүңүздөр деп ойлойм. Күндөр өтүп бири бирибизге катуу көнүп калдык, үйлөнөм деп чечимге келдим. Ал жактан таптакыр каршы болушпады, а мен жактан бири да макулчулук бербей коюшту. Өзүм бир сөздүү, чечкиндүү элемин бирок ошол кезде туура эмес чечим кылганыма аябай өкүнөм оксуймдагы. Ичпейм, чекпейм, спорт менен алектенем, кээде эстегенде ичип алчуу болдум. Машинамды ичип айдачууда кылык таап алгам. Жүрөгүмдү эзгени ал кыз мени деп азап тарткандарын эстесем, өзүмдү жек көрүп кетем.Ал кыз менен ал кезде кошулуп жүргөнбүз боюна бүтүп калган кезде мен жактан каршылык кысым болгондуктан өзүм барып алдыртып салгам.Себеби үйлөнсөк да ажыратып тынч жашоону көрө албагандыктан ошол чечимди туура көрдүм. Азыр жашым 31 де үйлөнө элекмин.Ал кыз турмуш куруп кетсе керек себеби аябай келишкен тарбиялуу кыскасы периште ондонгон кыз эле. Эгер ушул жазганымды окуп калсан мени кечир. Сагынуу менен…….

Аноним

Предыдущая статья20 жылдыгына деген акчасына тиш салып берген күйөөмө рахмат
Следующая статьяТашиев: «Керек болсо экс-президент да камалат «

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here