Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы Айдана Мусакулова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Сокулук районунда жайгашкан үйүнөн 31-май күнү чыгып
кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачы кара, узун, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: көк футболка, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.
Учурда изделип жаткан өспүрүм кыз Бишкекте болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Милиция Мусакулованы табууга коомчулуктан көмөк сурайт: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88- 85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0701 80 18 03.
Предыдущая статьяМаматалиев: «Элге душмандык кылган маршрутка ээлерин керек болсо кармайлы»
Следующая статьяАзыркы мэр деле эч нерсе кыла албайт… Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here