Өзгөн районундагы үйлөнүү тойдо тапанча көтөрүп жүргөн жигиттин видеосу милициянын көңүлүн бурду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 31-май күнү Өзгөн РИИБде милициянын лейтенанты Т. уулу А. билдирүү менен кайрылып, 30-май күнү Өзгөн районунун аймагында үйлөнүү тойдо белгисиз бир жигит ок атуучу куралды көтөрүп жүргөндүгү жана ал жарандын видеосу социалдык тармактарда таркап кеткендигин билдирген. Аталган маалымат боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 22-майда болгондугу такталды.

  1. «22-май күнү саат 15:30 чамасында Өзгөн районунун Жаңы-Абад айылынын 21 жаштагы Э. уулу Ф. Өзгөн шаарынын тургуну М.А.нын үйлөнүү тоюнда болгон. Ал бир тууган инилери анын атвоунаасында калтырып койгон, желимден жасалган «GUN-7717» жана «STRIKER 007» деген жазуулары бар кара түстөгү оюнчук тапанчаны колуна кармап ойноп, досторуна тамашлап көрсөтүп жаткан учурда анын 21 жаштагы досу Г.А. уюлдук телефонуна тамашалап видео тартып алган. Г.А. 30-май күнү видеону достору көрсүн деп социалдык тармакка жүктөп койгон. Интернет тармагында 11 сааттын ичинде ал видеону 34600 адам көрүп, оюнчук тапанча чыныгы тапанчага окшош болгондуктан тескери пикир жаралган. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган окуяда бузуунун, жоруктун жана кылмыштын белгилери байкалбагандыктан Өзгөн РИИБдин номенклатуралык делосуна тиркелди», – деди Аширбаев.
Предыдущая статьяМээрбек Мискенбаев: “Асылбек Жээнбековдун агасы жакында качып кетпесе камалат”
Следующая статьяСадыр Жапаровдун уулу аскерге жөнөтүлдү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here