Аскар Акаев Тогуз-Тородогу «Макмал Голд Компаниден» 2 тонна алтын алып чыгып кеткенби? Бул суроонун жообун Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, Аскар Акаев Кыргызстандан чыгарып кеткен 2 тонна алтын «Макмалда» өндүрүлгөн.

«Менин оюмча 2 тоннадан ашык болсо керек, 2, 5 тоннадай болду го. Анткени, «Макмалдагы» алтын кымбат, тазаланган эмес, 80 пайыздан ашыгы алтын, калганы кошумчалар. Ошону учакка жүктөп, эч жерде каттоого алынбай, бажыдан текшерилбей, Швейцарияга алып кеткен. Ал жакта Нанаевдин күйөө балдары жашап, байланыш бар болчу. Бул ишке катышкандар көп. «Макмалдын» ал кездеги директорунун азыр көзү өтүп кетти. Башка дагы бир топтор бар, аттарын атабай турайын. Алар Акаевге жардам беришип, алтынды мүшөктөп ташыгандарын өздөрү айтып беришкен. Бриштейнди Акаев алып келип, Ак үйдүн 7-кабатынан кабинет берип, инвестиция боюнча жетекчи кылып, ал турмак айлык да төлөсө керек эле. Менин оюмча, мунун баары текшерилет, бүгүнкү бийликке ишеним бар. Түштүк Кореяга окшоп, мурдагы президенттердин мамлекетке жасаган кыянаттыгы өз баасын алып, атуу жазасына тартылышы да мүмкүн. Алардын урук-тууганы жашаган үйлөргө белги да коюлушу керек. Акаев «Кумтөргө», «Камекого» барып беш күн жоголуп кеткени эсиңерде барбы? Эс алуу болду да. Бул накта сатылуу десек да болот», — дейт Айбалаев.

Предыдущая статьяВИДЕО-Асел кыйналып жатса, Нурлан балык кармап журот
Следующая статьяДастан Жумабеков УКМКда сурак берип жатат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here