Атамды үйлөнтүүнү ойлоп жүрөм, бирок балалуу болушун каалабайм

Саламатсыздарбы, биздин апабыз алты жыл мурун оорудан улам өтүп кеткен. Биз үч бир тууганбыз. Мен үйдүн улуусумун, жашым 25те. Турмушка чыгып, балалуу болгом. Атам туугандарымды чогултуп, татынакай той кылып өз колу менен турмушка узаткан. Инилерим үйлөнө элек, менден кийинки 23 жаштагы иним Москвада иштейт, андан кийинки 18 жаштагы иним Бишкекте окуйт.

 

Атабыз болсо 47 жашта, айылда турат. Апам көз жумгандан бери балдарын карап, окутуп, үйлөнгөн жок. Баарыбыз борборго кетип, атам үйдө жалгыз калды. Жакшы тамак ичсем, той-кечеде жүрсөм деле атамды ойлой берем. Сырттын оокаты менен алектенип, үйгө кирип тамак жасап кыйналып кетсе керек. Чалып ал-акыбалын сурап турам, баары жакшы деп сыр бербейт. Апам барда атам аябай шайдоот жүрчү. Азыр байкасам унчукпай эле короодо жумуш кылып жүрө берет. Апам абдан жоош, созулган аял болчу. Апамды эстеп отуруп ыйлап алам, айлам жок…

 

Атамды үйлөнтсөк деп ойлонуп жүргөнүмө бир жыл болду. Инилериме айтсам унчугушпайт. Өз алдымча апа издесемби деп ойлогонум менен толук бир чечимге келе албай жатам. Атама айтыштан уялам. Мүмкүн көңүлүндө бирөөсү бардыр же ал дагы балдарына ачылып айта албай жүрбөсүн. Атама кантип сөздүн башын чыгарып, оюмду кантип билдиреримди билбей жатам. Ал кишинин да оюн угуп, баарын ачык эле сүйлөшкүм келет.

Бирок атамдын башка аялдан балалуу болушун каалабайм. Анткени бизди  унутуп, бир туугандарым өгөйлөнүп калабы деп корком. Атамды кызганбайм деле, бирок эркек киши баары бир кабыргасы менен кеңешет да. Бир жагынан жаңы апабызга жакпай калсак атамдын бизге мамилеси өзгөрүп кетпейби деп да кооптоном. Бирок баары бир үйлөнүшү керек, ал кишинин да жеке жашоосу бар дегендей. Ушунун баарын айтып сүйлөшкүм келет. Же кызы катары оюмду айтканым туура болбой калабы? Сөздү эмнеден баштаарымды да билбейм. Турмушу ойдогудай болбой калса инилеримден жеме угуп калбаймынбы?

Add your comment

Your email address will not be published.