Журналист Семетей Талас уулу фейсбук баракчасы аркылуу алып баруучу Назира Айтбековага ачык кайрылуу жасады.
«Назира Айтбекова карындашым… Сүрөтүңдү көрдүк, көз зынасын кылдык. Кудай өзү кечирсин. Эмчегиңден кармаладык, виртуалдуу. Өзүң айтмакчы баарын ачык айталычы. Карындашым акыретиңди ойлон. Кийин сени өтө татаал тагдыр күтпөсүн, акыретиң оор болбосун. Сениң жолуң менен кеткен кээ бир кыздар Кудай сактасын, тозокто күнөөсүн сага оодарышат. Сени коштоп, сага шыкак берип аткандар аркы дүйнөдө күнөөнү бүт сага оодарышат. Албетте, сен деле жооп бересиң дечи. Арийне, бир күнөө ишти баштаганга башкалардын да күнөөсү кошулат. Ар бир башта кыздарыбыз турат. Сага тиги-бул дегим келбейт. Сени сындабайм дагы. Алла Таалам сага ыйман жана сени бактылуу кыла турган өмүрлүк жар берсин. Сени тааныбасам жазбайт элем. Баракчаңды карасам баары ошол жакта жүрүшөт, чала молдолору баш болуп… Токтон карындашым кеч бололекте.
Анан туугандар кыргыздын залкарларын, кыйрагыс тарыхын, улуттук баалуулуктарын жазсаң же пост бөлүшсөң эптеп окумуш болуп өткөрүп жибергендер ушундай темага келгенде ар бириң коммент жазчу элең
Бул постко эч кандай комменттин да кереги жок. Жазбагыла.»,- деп билдирүү калтырган.
Предыдущая статья«Өлтүрүп көмүп салабыз» деп карыяны коркуткандар жаза алышабы?
Следующая статьяАксакалдын карындашы видеону көрүп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here