Пт. Янв 21st, 2022
Казан менен кастрюль жарактан чыкты. Ооба, күлгүлө, боткону күйгүзүп алдым, эми эмне
кылайын, айла жок. Жаңы үтүк дагы сатып алыш керек. Үйдүн кебетесин көрсөңөр
желмогуздун өзү.
Үйгө келсем тамак даяр болуп турчу. Көрсө, ал өзү даяр болбойт тура, аны эки-үч саат тик туруп жасаш керек экен. Жасап көрдүм, бир кашык жеп алып кустум. Балам апасы кеткенден бери
ысык бир нерсе жей элек. Ага майрам болду. Кола, чипсы деген нерселердин сазайынын берип
жатат. Зыян экенин билем, айла жок.
Муздаткычта эч нерсе жок. Дүкөнгө бардым. Эмне алышты билбей баса бердим. Үйдө үч литр
туздалган бадыраң бар экен. Эки күндөн бери нан менен ошону жеп жатам. Келинчегим дүкөнгө
чогуу баралы дей берчү. Жалкоолонуп койдум эле. Бекер кылыпмын. Үйрөнүп алсам болмок
экен.
Баса, Актөш жок. Түшүнөм, аны. Курсагын тойгузганы бир жакка кетти окшойт. Туура кылат,
ачка жата бермек беле. Ал тамак берген аялымды көбүрөөк сыйлайт, мени эмес. Баягы күнү
чыксам ырылдайт. Үйгө чуркап кирдим. Баламдын боору эзилип калды.
Туздалган бадыраң жеп отурсам аялым кирип келип калды. Кебетемди көрүп күлдү. «Апаман
кабар алып келгиче эмне болдуңар» деди. Тамак жокпу сурады. Бадыраңды көрсөттүм. Дагы  күлдү. Кийимдерин которуп келип жумуртка менен картошка кууруп берди. Балам экөөбүз эч нерсени карабай жедик. Анан келинчегимдин айтканын кылып, көрсөткөнүндөй жасап үй

жыйнаштым. Биринчи кезекте бул нерсе мага керек экенин түшүндүм. Анткени, өзүмдөн,
баламдан уялдым. Мындан ары кезектешип тамак жасамай болдук.
Баса, туздалган бадыраңды экинчи жебейм, көрөйүн деген көзүм жок.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *