Вт. Янв 25th, 2022

Аялдамада жол тосуп турган кызды унаага күчтөп салып зордуктоого аракет кылгандар боштондукка чыгып кетти. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров жергиликтүү сайттардын биринежазып чыкты.

Анын билдирүүсүндө ага шаар тургуну кайрылган. Ушул жылдын 7-мартында  кечке маал Гагарин менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги  аялдамада жол тосуп турган. Анын жанына унаа токтоп андан 18-22 жаштагы жигит түшүп тийише баштаган. Андан качуунга аракет кылганда жерге көтөруп уруп, муунтуп, шымын чечүүгө аракет кылган. Жолдо өтуп бара жаткан унаа токтоп айдоочусу зордукчу жигиттин колун кайтып милиция чакырып салып берген. Зордуктого аракет кылды деген фактынын негизинде протокол толтурулуп жигитти Ленин райондук ИИБ алып кетишкен. Жигитти наркологиядан текшерттиргенде анда наркотикалык заттын бир түрун колдонгону аныкталган. Кандайдыр бир себептер менен аны милиция кызматкерлери эркиндикке чыгарып ийишкен. Жактоочунун айтымында 48 саатка чейин шектүүнү кармашы керек эле. Мындан сырткары бул иш боюнча катталган кылмыш иши токтоп, кызга кол салган зордукчу дайынсыз болууда.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *