Салам админ. Сизге чоң рахмат ар кимди көйгөйүн чыгарып аларга кеңеш алып берип жакшылык кыласыз. Анан мага окшоп жашоосу татаал аялдар бизден да оор сыноодо жашап жаткандарды окуп шүгүр кылабыз.

Жашым 34 до, бир уулум бар .. Жакшы иште иштейм. Бар жогум жетиштүү. Ажырашып кеткениме көп болду, себебин айтпайм, мен азыркы жашоом жөнүндө жазгым келди. Ажырашкандан соң эркек затынан көңүлүм калган. Үйлөнө элек балдар жуучу койду отказ кылдым. Бир күн иш себеп бир киши чалды, көп суроолор берди, базарга кетип жатат элем зарулем жакшы жооп бере албасам ал киши мени акмаксынбы деди. Мени жүрөгүм шуу этти эч ким мени андай деген эмес эле. Анан зарулем элем десем адресин берип келип мага жолук деди, бардым жолуктум, мени ошондой дединиз десем таң албады. Если айткан болсом кечир деди. Ватсап номерим алды …Үч төрт күндөн кийин дагы чакырды иш себеп. Анан Ватсап аркылуу мени өтө мактайтурган болду. Грамотный ,өтө таза адам экен ..бирок жашы менден 24 жаш улуу. Жакшы көрүп калдым, мага нике кыйдырып алышын айтты. Экинчи аял болуп тийдим, өтө бактылуумун, жакшы көргөнүмдөн сызган сызыгынан чыкпайм, мени өтө жакшы көрөт. Катыны өтө тилдүү менден мурда деле мээрге зар болуп жүргөн экен. Катыны жөнүндө сүйлөсө эле көзү кызарып давлениесы чыгып кетет. Уят болсо да айтамын катыны менен башында сени көзүмдүн алдына келтирип жатып жүрдүм ,азыр ага вобше турбай койду, башында тополоң кылып тойгозду, азыр көндү. Мен сени дуба кылдым эле турбайтурган болуп калды дейт экен. 

Биз тез тез квартирага барабыз эки саатта 3,4 жолу болобуз. Келгинче дагы асманда учуп жүрөбүз, сааттан телефондо сүйлөшөбүз. Эки жыл болоюн деп атат эч урушпадык. Бирок келечек жок. Ал мен менен жизнь элге билинтирип жашабайт, семясы аны кууп чыгат .Ал ага даяр эмес, мен да үй-бүлөөдө көпчүлүк жашайбыз . Эмне кылайын, жашы дагы менден анча улуу. Таштап кетишти ойлосом түнү менен уктабай чыгам, коркуп кетем …

Мага кеңеш бергилечи, эмне кылайын? Сүйүктүүм менен кантып ажырашайын? ..

Админ сураныч аты жөнүмдү чыгарбаңыз … Анткени жашоом өзү секрет болуп турат…

Предыдущая статьяАйылчы Сарыбаев: «Кыргызстан 30 жылдан кийин өнүгөт»
Следующая статьяАида: «Күйөөм мени эркелетпей башка аялдарды эркелетет»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here