Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандардан Кыргызстанга келүүдөн же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзит таштоодон алыс болууну өтүнөт. Кайрылуу дипломатиялык кызматтын сайтына жарыяланды.

⠀Сунуш Кыргызстандын Министрлер Кабинети тарабынан Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан өтүүнү толугу менен токтотуу жөнүндө буйруктун кабыл алынышына байланыштуу экени белгиленди.

⠀ «Транспорттун ар кандай түрү менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Тажикстандын юридикалык жактары жана жеке ишкерлери Кыргызстандын аймагын колдонбостон, аларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу альтернативдүү жолдор аркылуу ташышы керек» деп айтылат кайрылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкекке келген тажикстандыктар кайрадан Дүйшөмбүгө жөнөтүлгөн.

Предыдущая статьяСыймык Жапыкеев: «Азыр чиновниктер түрмөдө эмес, жайлоодо эс алышы керек»
Следующая статьяАбдыманап Масалиев: «Мен дин жаатында каалаган жумушту өздөштүрө алам»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here