Мындай пикирди активист Нургазы Мусаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Жапаров чоң күрөшкө чыкты! Колдообуз керек!

Миңдеген мекендештерим сыяктуу эле менин да Кумтөр кени мамлекет үчүн иштеген долбоор болуп калаарлыгынан үмүтүм үзүлгөн эле. Дүйнөдөгү эң уникалдуу, рудасынын составы ченемсиз бай алтын кендеринин бири Кумтөр колубузда туруп, 2 млрд тоннадан ашык уулуу таштандыга гана ээ болуп отуруп калабызбы деген кооптонуу менде да бар эле.

Бирок Акылбек Жапаров башында туруп, рекорддук убакытта: эки жарым айда жыйынтык көргөзгөн мамлекеттик комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңештен колдоо таап, Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилгендиги менде үмүт пайда кылды.

Учурда комиссия башында туруп, колоссалдуу эмгек жасаган, Кумтөрдүн тегерегиндеги кыңыр иштердин бир тобун ашкерелеген депутат Акылбек Жапаровго маалыматтык чабуул туш тараптан күчөп турган маалы.

Анткени Акылбек мырза буга чейин эч ким айта албаган чындыкты: Кумтөр кени Кыргызстандын бийлик башындагыларга жыл сайын 8 – 10 млн долларлык сый акы берип турганын айтты. Тажрыйбалуу саясатчы мындай катуу билдирүүлөрдү бир нерсеге таянып айтты да. Бул билдирүүсү үчүн Акылбек Жапаров экстердин байма-бай каралоосуна кабылып турган чагы. Бул сый акылар жөнүндө Кумтөрдун мурунку жетекчилиги үн ката электигинен улам ушундай кыңыр иштер болгон турбайбы деп боолголосок болот.

Андан сырткары таң калычтуу түрдө Кыргызстандан чыгып кеткен, жөн кетпей, Кумтөр кенинин ишин автоматтык жолго салган системаны блоктоп кеткен Центеррачылар да Акылбек Жапаровду жапырт каралоого алышты.

Буга чейин депутаттык, өкмөттүк, мамлекеттик көп комиссиялар түзүлгөн. Жогорку Кеңеш трибунасынан катуу күпүлдөп барып эле анан жыйынтыгы кумга сиңген суудай ың-жыңсыз болуп кетчү. Көрсө, эң жогорку бийликтердин амири менен Кумтөр иши бармак басты, көз кысты болуп турган экен да.

Депутаттык комиссиялардын ичинен «Центерраны» безге сайгандай кылып, бардык кемчиликтерин таап чыккан 2012-жылдагы Садыр Жапаров башында турган комиссиянын ишин Жогорку Кеңеш кабыл албай, көп чуу болуп, акыры Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдордун камакка алынуусу менен аяктабады беле?.. Садыр Жапаровдун кийинки камалышы да негиздемеси башка болгону менен түбү дал ушул Кумтөрдө болгон эмеспи… Демек, «Центерра» өлкөдөгү саясатка да таасир этип турган чоң монстр болгон.

Азыр кыргыз коомчулугу ушундай чоң монстрдын күмөндүү иштерин алып чыккан Акылбек Жапаровго ар тараптуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Ал киши Кумтөр кенин өзүбүздүн эле күч менен, өзүбүздүн эле адистер иштете аларын ишенимдүү айтты. Өзүнүн жеке бейкут жашоосун садага чапты.

Мурунку комиссиялардай болуп Кумтөр ишин жымсалдаган тыянак чыгарып, алар берген сый акыга ыраазы болуп тынч жашай берсе болмок. Жок. Акылбек Жапаров кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин алдында чоң жоопкерчиликти мойнуна алды. Алдыда дагы көп күрөш! Кылым аферасында кыргыз тарап утабы, утулабы?

Азыр жеке таарынычтардын, антипатиялардын, ырксыздыктын учуру эмес. Кыргыз коому мурда болуп көрбөгөндөй ынтымакты көргөзүүбүз керек. Саясий эркти, өтө терең билимди талап кылган Кумтөр ишинде жалпыбыз биримдикте болуубуз аба менен суудай зарыл. Башкысы, мурункулардай болуп «Центерранын» сый акысын алып, алардын кызыкчылыгына иштеп бербей турган Президентибиз бар», — деп жазган Мусаев.

Предыдущая статьяАйдоочу сүзуп алган өспүрумдүн таятасымын деп тааныштырып из жашырган
Следующая статьяБиБиСинин журналисти AstraZeneca вакцинасынан кийин каза болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here