Жолдошум окууну бүтө менен алакачып алган. Үйдө кичүү бала болгонго биз кайын журт менен чогуу жашап калганбыз. Кайненемден башка да чоң кайнене бар болучу. Аны карап дааратканага алып барыш менин милдетим болуп келгенде эле жүктөлгөн. Ал адамды карадым деп караганымды милдет кылгым келбейт. Болгону аялдык бакыттан ажырап калганда сыртка чыгарып ийишти.

Жети ай болуп калган эле. Жакында балалуу болом деп сүйүнүп жүргөн элем. Кышында кун суук болгого кайненемди үйгө отургузчумун. Күн жылыганда “үй жыттанып жатат сыртка алып чык”- деп калды кичи кайненем. Үйдө киши жок эле. Дааратканага алып бара жатып ичимден бир нерсе үзүлгөндөй боло түштү. Эптеп чыдам алып барып келдим. Көздөрүм карангылап ичимдин ооруганы көбөйө берди. Ысыгына чыдай албай калдым. Эптеп сыртка чыгып кошунанын кичинекей баласын чакырдым калганын билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада жаткан экем. Көрсө жатыным айрылып кетиптир. Бала ооруканага жеткиче эле ичимден өлуп калыптыр. Мен болсо өзүмө келбей он беш күндөй жатыптырмын. Ооруканага кайын журтум эки жолу келип кийин таптакыр келишкен жок. Болбой бардым. Эки кайненем тең бизге төрөбөгөн келиндин кереги жок деп тескери карап кетишти. Кошо барган жеңем кийимдеримди чогулттуруп, жүгүмдү жүктөп мени алып келди.

Андан бери бир жарым жыл өттү. Бирок дагы деле өзүмө келе албай жүрөм. Төрөбөгөн аялдын кимге кереги бар. Эмнеге элге берген аялдык бакытты мага кудай тартуулаган жок? Кайын журтка кызмат кылып жүрүп ушул абалга келгениме менин жооштугум себепкер болдубу? Мен азыр кимге керекмин? Жок дегенде чымчык болуп учуп кеткен наристемди жаныма караан кылып аман калтырбайт беле деп нааразы болом.

Жийде

Предыдущая статьяАсел Кадырбекова: «Бизге элдин көзү тийди окшойт»
Следующая статьяФергана — өрт каптаган өрөөн

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here