Домой Шоубизнес Гүлнара Сыдыкбекова: Өлүп калбайын деп корком…

Гүлнара Сыдыкбекова: Өлүп калбайын деп корком…

495
0

Катуу илдетке чалдыгып, ушул кезге дейре ооруп жүргөнүн билдирбей позитивдик жашоону аркалап келген Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, “Бийиктик” Эл аралык журналынын Эл аралык деңгээлдеги “Ардак грамотасына”, “Бийиктик” коомдук фондунун “Ак эмгек” орденине арзыган, ооруп жүргөнүнө карабай 35 жылдан бери чыгармачылыкты аркалап келе жаткан кыякчы, комузчу, ооз комузчу, эстрада жылдызы Гүлнара Сыдыкбекова менен тыгыз байланышта болуп, ал абалын сурап келебиз. Бул ирет да азын-оолак кеп курдук.

— Гүлнара эже, узак жылдардан бери оору менен алышып келе жатасыз. Азыр кантип калдыңыз?

— Ишенесиңби, кээ бир күндөрү өз денемди такыр көтөрө албай жатып калам. Өлүп калбайын деп абдан корком… Ошондой катуу кыйналган күндөрү байкеңе “Мени карап жат” деп суранам.

— Кайсы бир жылы концерт бердиңиз эле…

— Ооба, 2016-жылдын 3-декабрында Улуттук филармонияда жеке концерт өткөрүп, андан түшкөн каражатка Индия өлкөсүнүн Дели шаарына барып ПЭТКТ аппаратына түшүп, анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп келгем.

Архивдик сүрөт.

Он жылдан бери айыккыс илдет менен күрөшүп, ооруга моюн сунгум келбей дарыланып келем.

Архивдик сүрөт.

ПЭТКТ аппаратына кирээрдин алдында эки литр суюктук дары ичип, аны менен кошо эки саат капельницада жатып жүрдүм. Ден соолук начар болгондуктан аппаратка түшүү деле оңой эмес, бир топ кыйынчылыкты жаратат. Себеби, ар бир адамдын организими ар кандай көтөрөт турбайбы.

— Индиядагы кайсы ооруканаларга көрүндүңүз?

— «Apollo», » МАХ», “Artemis” аттуу ири клиникаларга барып жүрдүм. Андагы дарыгерлер “Ушундай диагнос менен кантип жашап жүрөсүң? Эмне жеп, эмне ичесиң?” деп таң калышып, суроо узатышып, кантип дарыланып жүргөнүм боюнча англис тилинде китепче жазып келүүмдү өтүнүшкөн.

Ошондой эле тибет дарыгерлерине жолугуп, 2017-жылдан бери чөп дарылар менен да дарыланып келем.

2019-жылы ден соолугумдун айынан запкы тартып, Москва шаарындагы Н.Н.Блохина атындагы Онкология борборуна барып, текшерүүдөн өттүм.

Архивдик сүрөт

Оору менен алышып келе жаткан он жылым он кылымдан да узак болду. Бул жылдар аралыгында кандай гана азаптарды тарткан жокмун. Азыр бир да жандын оорушун каалабайм. Ошол себептен адам баласы Кудайдан биринчи ирет чың ден соолук тилеши керек экен. Ден соолук болсо, баары болот. А баары болуп туруп, ден соолугуң болбосо, башка нерсенин кереги жок турбайбы.

— Операция ийгиликтүү өттү дедиңиз эле?

— Ооба, операция ийгиликтүү өттү. Анткен менен азыркы күнгө чейин жакшы боло албай келем. “Шайтан гана үмүтсүз” дейт, андыктан ден соолугум жакшы болуп кетишинен үмүтүм чоң. Бул күндөр да өтүп кетет.

— Ден соолугуңуз калыбына келип, жакшы болуп кетиңиз!

Булак: AibekNur.kg

 

Предыдущая статьяКүйөөм мага эмес бул аялга барарда аябай жасанат
Следующая статьяАсел Кадырбекова: «Бизге элдин көзү тийди окшойт»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here