Азиз Суракматов тууралуу Балбак Түлөбаев ун катты. Анда ага Суракматов тууралуу ар турдүү суроолор берилип жатканын баса белгилеп, коом өзгөрүлүп жатканын айткан.

 

“Калайык!Адам өз тагдырын өзү жасап, анан ошого ылайык жашайт экен!

Акыркы убактагы окуялар ички дүйнөмдө уйгу туйгу. Оор эле. Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көөп суроолор берип атышат. Мага өтө оор. Чогуу иштедик көп иштер жасалды шаарда. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилетүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет. Коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп атат. Табуулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилетүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз. «Эр жигиттин башы канжыгада».

«Беш манжа тең эмес». Мени качан камалат экен я дегендер да бар. Түшүнсөк болот. Мени «сүйүп» аткандар да жок эмес. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Кудайга шүгүр жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көргөзөт. Актануу эмес жараткан алдында, достук алдында, абийр алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жерди каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин”-деп жазган.

 

Предыдущая статьяНе сахар. Эрулан Көкүлов бозочу менен соттошконго даяр
Следующая статьяСыймык Жапыкеев: «Азыр чиновниктер түрмөдө эмес, жайлоодо эс алышы керек»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here