Айдоочу сүзуп алган өспүрумдүн таятасымын деп тааныштырып из жашырган

Өспүрүмдү унаасы менен сүзүп, ооруканага таятасы болом деп тапшырып качып кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматта,  25-май күнү Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан 13 жаштагы өспүрүмдү унаа коюп кеткен. Кызыгы ал адам ооруканага баланы алып барып өзун баланын таятасы деп тааныштырып, андан кийин из жашырып кеткен. Бирок окуя жол жээгинде орнотулган видео байкоого түшүп калган. Тез эле күнөөкөр айдоочуну Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери табышып, унаасын айып короого киргизишти. Ал эми сүзүп качкан жаран Ноокат районунун 1958-жылы туулган тургуну. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Add your comment

Your email address will not be published.