Саламатсызбы! Жашым 21де. Ушул жылы турмушка чыгайын деп жатам. Сүйлөшкөн жигитим эң кичүүсү, тоодон болот. Үч эжем бар. Үчөө тең бөлүнө турган жигиттерге турмушка чыгышып, азыр өз алдынча жашашат. Жигитимдин атасы жок, апасы менен эле тоодо жашайт. Эжемдер “тоодо жашоо кыйын, мал карайсың” деп жатышат. Мен жигитимди жакшы көрөм, ал дагы мени. Быйыл той кылып үйлөнөлү деп жатканбыз. Эми кимисин угууну билбей калдым. Тоодо жашоо ушунчалык кыйынбы? Өзүм эрке кызмын, Бишкекте окугам. Эжемдер “сен ал жакта жашай албайсың, тың кыздар керек, колуңан эмне келмек эле” дейт. Апам болсо өзүң тандаган адамыңа тиесиң дейт. Эмне кылууну билбей калдым.

Предыдущая статьяКелинимдин бөлмөсүнөн сүрөтүмдү таап алып, көргөн көзүмө ишенбедим
Следующая статьяСүрөт — УКМК мыйзамсыз боюуга шектелип кармалган Суракматовдун мүлктөрүн көрсөттү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here