Келинимдин бөлмөсүнөн сүрөтүмдү таап алып, көргөн көзүмө ишенбедим

Тушоо тойго жөнөп баратканбыз. Сумкамды унутуп чыгып кетипмин. Үйгө кирип баратсам, «апа курткамды кошо ала чыгасызбы» деп калды. Албетте, макул болдум. Уулум экөөнүн бөлмөсүнө кирдим. Курткасын алып баратып чалынып кеттим. Столунун үстүндөгү китептерин түшүрүп
алдым. Ордуна коюп жатып бир дептери түштү. Эми андай кылбаш керек, бирок, адам
болгондон кийин кызыгат экенсиң. Ичин ачып карасам, менин сүрөтүм, түбүндө бир жазуу бар
экен. Көргөн көзүмө ишенбедим…
Машинада баратабыз. Уулум менен келиним тамашалап ар нерсени сүйлөп жатышат. Алар
менен ишим деле жок. Терезени ойлуу тиктеп бараттым. Бир маалда келиним «апа, баары
жакшыбы» деди. Айтсамбы же жокпу… Макул, кийин айтайын.
Тушоо той жакшы өттү. Чуркоо боюнча уулум үчүнчү, келиним экинчи орунду ээлешти.
Курсагыбызды тойгузуп, жиликтерибизди алып үйгө жөнөдүк. А менин көз алдымда дале сүрөтүм менен анын түбүндөгү жазуу турат. Ошол сүрөттү өзүмө албасам тынч уктай алчудай
эмесмин.
Узун тармал чачы шамалга учуп жатат. Ага кошулуп көйнөгүнүн этеги желбирейт. Колунда
кызгалдак. Алысты карап турган көздөрүнөн кайгыны да, бакытты да көрсө болот. Жүзүндөгү
бырыштар өзүнө жарашат. Колундагы билерик дагы ашыкча эмес. Бир нерсени күтүп жатат. Ал
эмне экени белгисиз. «Сулуулуктун пири». Түбүндөгү жазуу. А сүрөттөгү мен.

Келиним сүрөтчү экенин билген эмесмин. Сүрөттү жөн эмес, ага жан киргизип тартат экен. Көр
турмуш деп жүрүп бир кезде сулуу айым болгонумду унутуп койгом. Минтип, келинимдин
калеми эсиме салды. Мени эч ким минтип сүрөткө тарткан эмес.
«Сүрөтчү болом десем ата-энем каршы болуп коюшкан. Ошол бойдон таштап койгом. Бирок, акыркы убактарда бош отура калсам эле минтип тартам. Сизди биринчи көргөндө эле
ушундай кылып тарткым келген. Таарынган жоксузбу?» Сүрөтүмдү сурасам ушинтти. «Сен мени
бактылуу кылдың» дедим дагы чекесинен өптүм.
Эртеси базарга түшүп сүрөтүмө рамка сатып алдым. Анан түстүү боекторду, калемдерди, атайын сүрөтчүлөр үчүн альбомдорду алганды унуткан жокмун. Үйгө келип, келинимдин
бөлмөсүнө кирип баарын столунун үстүнө койдум дагы, «баштан баштоо эч качан кеч эмес» деп бараккка жазып, чыгып кеттим.

Add your comment

Your email address will not be published.