18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовдун бөгөт чарасы бүгүн, 26-майда Нижний Новгород шаардык сотунда каралып, бир айга камакта калды. Бул тууралуу анын ишине көз салып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова билдирди.
«Сотто тажик прокуратурасы Мажитовду Дүйшөмбүгө өткөрүп берүү сунушун келтирген экен. Алар мыйзам чегинде иш алып барабыз деп айтышкан. Бирок Россиянын соту тергөө иштери аяктагыча Мажитовду Нижний Новгород шаарындагы абакта бир айга калтырды», — деди Аманова.
Маалыматка ылайык, Эсенбай Мажитовдун укугун сотто россиялык адвокат коргоп жатат.
Эсенбай Мажитов Орусиянын Нижний Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы» себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары калайман башаламандык уюштурууга айыптап кармаган.
Предыдущая статьяСөөгү багажниктен табылган 21 жаштагы жигиттин өлүмүнө 54 миң сом себеп болгон
Следующая статьяНурзат Осмонова: «Москвада тажик таксисттери кыргыз күбөлүгүн канчага сатып алышканын айтты…»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here