Камактагы Алмазбек Атамбаев: «Мен булардан эркиндикти суранбайм, керек
болсо түрмөдөн намысым менен өлөм!» деп кесе айтыптыр. Албетте, бийликтин жетим жүгүрүктөрүнө. Мыйзамдуу алкакта чыгууну самаган экс-президент соодалашуу менен эркиндикке жетүүнү каалабай коюптур. Көп сунуштар айтылат. «Россияга кетип каласызбы?» дегенге да терс жооп кайтарып, сөккөнүн уккандар каңкуулашты. Демек, Атамбаевди түрмөдөн эл көтөрүп чыгары ыраспы? Чын эле ошого баратабызбы? Бийликте көсөмдөр болбой, көркоолор алдай баштаганы ушулбу? Айтор, Атамбаевди түрмө да сындыра албай койгонун көргөндөр таңгалышууда…

Азия Ньюс гезити

Предыдущая статьяТемир Сариев камакка алынды
Следующая статьяРыскелди Момбеков: «COVID кетпесе дагы, ушул «комик» Бейшеналиев кетсин!»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here