«Эмгек» партиясы Бишкек административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайра кайрылды.

Жогорку Сот биринчи инстанциянын 19-майдагы чечимин күчүндө калтырды. Ошентип, БШКнын Токмактагы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу чечими кайра каралбайт. Сот процесси аяктады.

БШК түшүндүргөндөй, эми шайлоо комиссиясы президент Садыр Жапаровго Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында кайрадан шайлоону дайындоо өтүнүчү менен кат жөнөткөнү жатат. Кат жиберилген учурдан тартып 30 күндүк артка саноо башталат, анын жүрүшүндө мамлекет башчысы кайталап добуш берүүнүн күнүн жарыялоо жөнүндө жарлык чыгарат.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, Ошко төрт партия барган.

Борбор калаадагы АШК Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды, буга чейин БШК Ош жана Токмак шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

 

Предыдущая статьяИздөөдө жүргөн Сапар Исаков Москвада эмес, Түркияда жүрөт
Следующая статьяЖеңиш Молдокматов: «Элибиз идеяга эмес, инсанга ишенип ушул акыбалга кептелдик»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here