Мен кош бойлуумун, 39 жума болду, жакында көз жарам. Баламдын
атасы баш тартып жатат. Апам болсо «кантип багасың? Бетибизди жер караттың» дейт. Анткени атам, агам билбейт. Апам төрөтүп алып бага бермек, колунан келет, бирок менин бетим ачык эмес. «Күйөөгө тийип төрөдү» болсом, өзү алып чоңойтмок. Абалым өтө оор. «Баланы жакшы үй-бүлөгө берип эле сыртынан карап тур, кор кылбай чоңойтуп алышат. Жашсың, күйөөгө тийип дагы деле төрөйсүң» деп апам жооткотууда. Менин бергим келген жок, өзүм эле чоңойткум келет, бирок эч бир мүмкүнчүлүк жок. Окуумду да бүтө элекмин, 2-курсмун. Мага балам жок жашоонун не кереги бар? Жүрөгүм ооруп турат, кандай кылам?
Алия
Предыдущая статьяКелинимди элге жаман көрсөтөм деп, кайра өзүм уят болдум
Следующая статьяТАЛАС — Кайрылуу: Бабановдун мындай куйту саясатына Талас эли каршы чыга баштады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here