Бишкек шаарында аял майып уулун  бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Маалыматта, ушул жылдын январ айында аял 41 жаштагы майып уулу менен жалгыз жашаган. Каргашалуу окуя болоор куну алар чогуу спирт ичимдигин ичишкен. Уулу энесин бетке муштап ийген. Мындай кордукка чыдабай кеткен аял уулун столдун үстүндө жаткан бычакты ала калып көкүрөк тушка сайып ийген. Алган жаракатан улам уулу каза болуп калган.

Сот залында аял  уулу ага: “арак алып кел жалап” деп мазактап, алып бербейм дегенине карабай кол көтөрүп уруп ийген. Андан кийин ал энесин үйдөн чыгып кетишин талап кылган. Ушундан улам ал уулун столдун үстүндөгу бычак менен көкүрөккө сайып салган. Өлтүруп алганын билгенде кошунасыныкына барып уулун өлт уруп алганын айтып милиция чакыруусун суранган.  Ал эми уулу болсо буга чейин жети жолу соттолуп чыккан. Ал эми майыптыкты болсо бутунун манжаларын үшүккө алдырып алгандан кийин алган. Ал жардамга муктаж деле эмес болучу. Ичкиликке жакын болгондон кийин дайыма үйдө уруш чыгарып келген. Аял уулун өлтүрүүгө аракет кылган эмес.

Ал эми кошуналары болсо маркум кайырчы болуп көчөлөп жүрүп бутун үшүккө алдырып чирип кеткенден кийин манжаларын кестирүүгө аргасыз болгон, ал кадимкидей эле басып жумушка жарамдуу болгондугун билдиришкен.

Аял уулун өлтуруп алгандыгы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пулга жыгылды.

Предыдущая статьяБишкек шаары эми газ менен жүргөн каттамдар менен толуктанат
Следующая статьяИскендер Матраимов: «Инимди мен мактай албайм, аны эл мактасын»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here