Айланайын апаке, бала кезде мени эшек деп көп тилдеп урчу элеңиз. Мына эшек болуп чоңойдум.
Сиздин “Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” деген сөздөрүнүз дале кулагымда жаңырып турат. Мен тентек кылганда сиздин мага көңүл бөлүшүңүздү каалачумун. Тескерисинче жаман сөздөрүңүз менен токмогуңузду жечүмүн. Сиздин энелик мээримиңизге зар болуп чоңойдум.
Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм.
Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калсам, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун.
Классташтарымдын, тайпалаштарымдын арасынан басынып, оюмду ачык айта албай, сабакты билип турсам да жооп бербей өзүмүн тегерегимде начар балдарды жыйнадым. Өз оюмду айта албай жалтак, калпысы болуп калдым. Эстесем, ата-энем бир да кылган ишиме ыраазы болуп, сен мыктысың, кийин чоң адам болосуң деп айтышпаптыр. Апа, мени багып чоңойтконуңар үчүн чоң рахмат, бирок, эшек деп уруша берип мени эшек кылып өстүрдүңөр.
Ата-энемди баары бир жакшы көрөм. Айыптабайм.

Предыдущая статьяКайнатам чет мамлекетте, кайненемдин бул жакта ойноштору бар.
Следующая статьяКелинимди элге жаман көрсөтөм деп, кайра өзүм уят болдум

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here