Блогер Назира Айтбекова аялзатынын сулуулугун эркектер жогору баалап турарын жазып чыкты. Анда канчалык акылдуу болбо бирок аны да назиктик сулуулук жеңип кете турганына басым жасап, көр оокат менен алышпай ар бир аялзаты өзүнө кам көрө билүүсү зарыл экенине басым жасаган.

“Эки кыз бар. Тең жашта. Экөө тең бир университетти бүтүргөн. Бирөө акылдуу. Белгилүү компанияда иштейт. Акылы менен акча табат . Бирөө жөн эле сулуу. Сулуулугун колдонгонду билет жана аны менен жакшы акча тапканды да билет. Бирок эркектин баары сулуунун артынан ээрчийт. Билимдүүсү деле түрү суук эмес. Жакшынакай кыз. Анан айырмасын кечке издеп, анализ жасадым. Сулуулунун билимдүүдө болбогон эмнеси бар деп кечке тиктедим да төмөнкүлөрдү таап чыктым:

1. Назик экен. Эркектин көбүнө үлбүрөгөн, үйлөп койсо , учуп кетчүдөй болгондор жагат экен.

2. Күзгүдө эки саат туруп, өзүн жасайт. Чачы дайым жибектей. Жүзүнө кам көрөт. Макияжды мыкты жасайт. Өзүнө кам көрө алган аялды албетте баары сүйөт.

3 . Абдан жарашыктуу кийинет. Мода кубалайт.

4. Сүйлөгөнү аста, күлгөнү , жүрүшү — турушу , кыймылы илбериңки.

5. Жыт. Дайыма сонун жыттанып жүрөт. Койнуна алып жатып эле жыттагысы келип турат.

Улуу эркектер менен сырдаша келгенде алар дайым акылына карайбыз дешет. Жаш эркектер сулуулугуна карайт экен. Анализимде дене кумары канып калган эркек, жан дүйнө, руханий кумарды издеп калат. Аа жаштарда кан кайнап, ойногусу келип, энергиясын кайда кетирээрин билбей турган немелер сулуулукту, денени тойгуза ала турчуну издейт экен.

Аялдар, эмнени байкадым, билесиңерби? Аялдын эң чоң куралы анын назиктиги, жумшактыгы, мээримдүүлүгү, сулуулугу, жыттуулугу экен! Табиятынан эмне ыроолонсо ошону көбөйтүп колдонгонду билиш керек. Даңкылдап эркектей болуп турган аялга, назик , арабаны сүйрөй албаган эркек жолугат экен. Назик аялга даңкылдаган күчтүү эркек келет экен. Ошон үчүн арстандай айбатты салсак, курмандыкка түшө турчу эле жолугат. Мышыктай мырылдап, чоюлуп, сулуу болгонду, эркелегенди үйрөнөлү! “

Предыдущая статьяКрим төбөл Көлбаев менен моюндаш дос атка минер кызматка дайындалды
Следующая статьяСамара Каримова: «Мен буга татыктуу эмесмин, мен эң жакшысына татыктуумун»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here