ДССУ: «Учурдагы вирустан да коркунучтуу оору чыгышы күтүлүүдө»

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адан Гебресиес дүйнөгө жаңы өлүмгө алып келүүчү вирус пайда боло тургандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 74-сессиясында жарыялаган.

Анын билдирүүсүндө, ааламда кайрадан коркунуч пайда болуп, адамзатын жаңы пандемия күтүп турат.

«Эволюциялык баалоолорго ылайык, учурдагы вируска караганда дагы жугуштуу жана өлүмгө алып келүүчү жаңы вирус пайда болот», — дей Тедрос Гебресиес окумуштуулардын божомолуна таянып.

Ал пандемиянын башкы кыймылдаткычы эл аралык тилектештиктин жоктугу жана өлкөлөрдүн ресурстарды бөлүшүүнү каалабагандыгы экендигин эске салды. «Эгерде сиз эски жолду басып өтсөңүз, анда ошол эле натыйжага — даяр эмес, кооптуу жана адилетсиз дүйнөгө келесиз», — деп кошумчалады ал.

Add your comment

Your email address will not be published.