Чыпалак баатыр деген ат менен таанылган Зарылбек Аликенов Орозайым Нарматовага сүйүү катын фейсбук аркылуу жолдоду. Ал эми буга азырынча жообу келе электигин да билдирди.

“ Сүйүү катым жетсин чын жүрөктөн

Көптөн бери байкап жүрөм, көңүлүмө өзгөчө жагып жүрөсүң. Илгери айтсам Москвада элем келгенде жолугабыз деп айтып койдуң эле . Андан бери канча убакыт өтүп кетти. Ал арада унутуп кала жаздапмын . Кечир мени ээ.

Сага болгон Сүйүү катымды ушул фейсбуктан жазып кайрылуу кылганды туура көрдүм. Окуп көрүп калсаң Орозайым өзгөчө сулуушка сөзүңө туруп эми мага жолук же мага жооп жазып коёсуң деген ишеничтемин.

Мен сени унуталган жокмун , бирок сен аябай өзгөрүпсүң . Тилиң тим эле сайрайт тоту куштай. Ак-караны билип билбей эле кечке сайрап өзүнчө мировой политика жагына берилип кетиптирсиң , ал жагың анча жага берген жок чын айтайын . Андай жагы сага жарашпайт экен, андан көрө модел жагына же актриса жагына аттансаң жакшы болот демекчимин. Же мага жолуксаң дүйнөгө тантап, сага продюсер болуп , пияр жагынан жакшы жагынан күчөтүп чыгарамын.

Эми кечке обу жок политика жагында сайрай бергенден толк жок, андан көрө мага эртерек жолугуп бактылуу болуп кетсек , түрлүү- түрлүү күндөрдү баштан өткөзүп үй бүлө курмакпыз. 4 балалуу болгуң келеби же 10 балалуу болгуң келсе да иши кылып ошонун баарын чогуу кылмакпыз. Суусап турган жашоом өмүр бою суугарылбай кургап калбасын деп  гүлүм үйүм төшөгүм өзгөчө шакек жүздүк алтын сырга калың байлагам менен сени күлүп жайнап тосуп алат элем, букет гүл кучактап жолборс сыяктуу.

Түшүнүктүү болуп менин сөзүм угуп баштайсың деген чоң ишеничтемин. Мени байкап көрүп калсаң же угуп калсаң дароо мага байланшка чыгып коёсуңбу ээ сураныч. Өзгөчө ыйык сезимим менен сага арнап кошумча кыскача “Орозайым келчи жаныма деген” ыр жаздым эле ойлонуп атып ,ошону чын жүрөктөн кабыл алып коёсуңбу ээ окуп калсаң.

 

“Орозайым келчи жаныма”

Жорук өмүр сүрөсүң жоолугуң жок

Жолуксаңчы сен мага көңүлүң ток

Жоодураган көздөрүң мынча таттуу

Жолубузду куралы бирге шаттуу.

Жомок болуп калбасын биздин жашоо

Жолугалы экөбүз келчи дароо

Жок жок дебе каткырып шылдың кылып

Жоё албайсын эми сен жоктоп чийип.

Жол боюнда күтөмүн сени дайым

Жолуң салып келе бер Орозайым

Жолборс болуп мен турам гүлүң кармап

Жоогазындуу гүл бахчамда ордуң дайын.

Орозайым гүл элесиң , күн элесиң мен үчүн

Оттой жанам бир сен үчүн, сен сезерсиң

Оргуп турам ордум таппай бороон сымал

Ойлоп калсам сени жалгыз Орозайым

Орозайым сен керексиң , сен себепсиң бул жашоомо

Сэн элесиң , сен керексиң ой толгоого

Тагдыр экен сүйүп калдым ,түшүн эми бул жашоодо.

 

Ушинтип чын жүрөктөн берилип козголуп атып ыр жаздым эле ,бул жашоодо бактылуу болуп кетели деп аракет кылып, туура туура жолго түшүп мен колдогон президентти кечке обу жок жамандап сайрап тиги жаман бул жакшы деп бөлүп политика жагына көп аралашпа, анан да ушу кечке эле нааразы болуп жамандай бербестен түшүнүктүү болуп, ак сөзүм угуп тетири жолдорго жүрбөстөн мага эртерээк кел демекчимин.

Туура кеңеш сөзүм айтып коёюн сага Москвада орустарга алдана көрбө, түнкү клубтарга бара көрбө, тамеки арак иче көрбө, политиктердин акчасына кызыгып азгырлып алдана көрбө, бийлик жагына жетем деп же жете албай атам деп эле өзүңдү кечке ургулай бербе , кайгыра бербе демекчимин .

Предыдущая статьяТилекмат Куренов: «Путин өзү басып келди дегендерди окуп мен ичип кеттим»
Следующая статьяКайнатам чет мамлекетте, кайненемдин бул жакта ойноштору бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here