Байбиче керексиз кабыл албаса оорукананы жардырууга аракет кылган

Таразда 66-жаштагы бейтаптын айынан ооркунадагы бейтаптардын баарын башка ооруканага которушту. Ага чейин байбиче кезек күтүүдөн баш тартып кезексиз кабыл албаса орукананы жардырып ийе турганын билдирген. Бул тууралуу телеканал КТК телеканалы билдирди.

Бул тууралуу мекеменин медайымы полиция кызматына билдирген. Көп өтпөй ал жердеги бейтаптарды башка мекемеге которушкан.

Жарылуучу затты оорукананын баардык кабаттарынан издешип, төрт саатка чейин убара тартышкан. Бирок бир да жарылуу зат табылган эмес.

Байбичени ошол жерден кармашып, аны эми чоң суммадагы айып пул толөйт же эркиндиктен ажыроо коркунучу турууда.

Add your comment

Your email address will not be published.