Аскар Акаев: «Биз Тенгиз Бөлтүрүктү президенттик программа менен Батыштын мыкты Жождорунда окутканбыз»

Тунгуч ажо Аскар Акаев “Вечер трудного дня ”аттуу теле программадагы маегинде Тенгиз Бөлтүрүк  анын даярдаган кадрларынын бири экенин ачыктаган.

«Мен аны тааныбайм, анын адамдык жана башкаруучулук сапаттары жөнүндө эч нерсе айта албайм, бирок мен анын жогорку кесипкөй инженер экендигине толук ишенем, анткени биз аны 20 жыл мурун президенттик « ХХI кадрлар » программасы боюнча жибергенбиз. Андан кийин биз эң таланттууларды тандап, аларды ар кайсы өлкөлөргө окууга жибердик. Ошондой эле биз аны ушул программанын стипендиясы менен колдоп, ал Батыштын эң мыкты университеттеринде окуган”, — деди Акаев.

Add your comment

Your email address will not be published.