Учурда Орусияда экиден ашык айып пулу бар КМШ жарандары Орусиянын аймагынан чыга алышпайт. Бул тууралуу Орусияда жашаган мекендештер билдиришти.

Мекендешибиздин билдирүүсүндө, жол эрежесин бузуп же бет кабы кол кабы жок эки жолу айып пулга жыгылса текшерүү тизмесине түшүп калып өлкөдөн чыга алышпай калышууда. Ал эми Орусияда такси кызматында иштегендер жана пандемия учурунда бет кабы, кол кабы жок айып пулга жыгылгандардын саны учурда миңдеп саналат. Алардын арасынан каттоосунун мөөнөтү бүтүп калгандар айып пулдун айынан өз өлкөсүнө чыга албай мыйзамсыз түрдө иштеп келишүүдө. Ал эми пандемия учурунда өлкөгө кеткен он миңдеген мекендештер кайрадан Орусияга кире албай жатышат. Алардын арасында балдары Орусияда калып ата-энеси Кыргызстанда келе албай жаткандар, ипотекага үй алып, учурунда келип иштей албай эки көзу төрт болгон жарандардын укугу текшерүү тисмеси тууралуу чыккан указдын айынан бузулууга душаар болууда. Оор абалда турган мекендештер одоно чектөөлөрдү жумшартууга президентке социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасашты.

Предыдущая статьяШаардык кеңешке кайрадан ат салышуу башталды
Следующая статьяБелгисиз аймыдын сыры: «Сендейлер «тезектен көп» … дагы бир ойлонуп көр… сени кыйнабайм, чечим сеники!»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here