Үлпөт тойдо досун бычактап өлтүрүп алган. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына чыккан өкүм тастыктайт.

Маалыматта, 25 жаштагы Болот достору менен мурунку класташынын үлпөт тоюна жөнөшкөн. Көп өтпөй тойго жөнөгөн унаа канга боелуп артка кайтып келген. Жолдо тамактанууга токтоп жатып, жол жээгиндеги бордюрду сүзуп алып унаанын бампери талкаланып, достор арасында уруш башталат. Ал жерден урушту токтоттушуп тамактанып чыгышат.  Жолдо дүкөнгө токтоп суусундук алганы киришкенде Болот менен Жыргал кайрадан уруша кетишет. Бул жолу уруш катуулап, дүкөндүн текчесинде турган бычак менен Жыргалды ичке сайып салат. Алган жаракаттан улам Жыргал ооруканага жетпей каза болуп калган.

Сот залында Болот Жыргалдын мас абалында болгонун, ошондой эле ал Болоттун беделине до кетирип жаман сөздөрдү айтканын айтып сөгүнө берген. Озун кармай албай калган Болот бычак менен курсак тушка сайып ийген. Жарадар болгон Жыргал ошол жерден бүк түшүп, ооруканага жетпей каза болуп калганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган. Сот Болотту он жылга эркинен ажыратты.

Предыдущая статьяКүйөөм Москвада бир келин менен 5,6 ай жатып жүрүптүр.
Следующая статьяДагы бир кыргыз оор атлетчиси күмүш медал алды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here