— Арыбаңыз Келдибек байке?
— Бар бол, Сурат иним.
— Келдибек байке, пандемиясы бүтпөй, кайра үчүнчү толкуну башталды го? Өзүңүз ушул тапта эмне менен алектенип жатасыз?
— Мен деле эл сыяктуу сактанып жатам. Беткап тагынам, колду самындап кирген-чыккан сайын жууйм, суучул өрдөк бу жакта калды. Иши кылса жаман илдет эртерээк элимден чыгып кетсе экен. «Өлбөгөн жанга жаз келди», аны менен кошо тирүүлүктө таң эрте турмай. Беш жарымда чыгышты беттеп, Медеров көчөсү менен жөнөйм, бирдемеден куру калгансып. Тоо кырынан кылайып чыгып келе жаткан күндү карап туруп калам. Илгеркинин ата-бабалары, азыркылардын билимдүү жаштары «кызарып чыгып келе жаткан күндү 3-4 мүнөт тиктесең көзгө пайдасы бар» деген чын окшойт. Мурдумун учуна караганда ыраакты дүрбүдөй эле көрүп коём. Анан Аламүдүн суусуна жетип, анын да акканын көпкө карап турмай, а дагы көзгө, шоокуму кулакка пайда экен. Кулагым да шыбыр эткенди угуп калат. Ошо сууну жээктеп жүрүп отуруп, Ахунбаев көчөсүнө чыгып, Гареев атындагы ботаникалык багын бир айланып үйгө келем. Ошондо майышып-чайышып, кычырап-кучурап келе жаткан дене-башым жибий түшөт. Саламаттыкты чындап, ден соолукка кам көрүп, эки сааттан ашык басып келген болом. Тимеле жыргай түшөм. Суке, өзүң деле ботаникалык бакты жыл башынан бери 2-3 курдай жаздың Чын эле абалы жакшы эмес экен. Аны мен да көрөм, иретке келтирчү жан көрүнбөйт. Жылдан жылга эле кунары кеткенден кетип баратат. «Ташкент шаарында 5 жылдан бери эртең менен кечинде баскандарга шаар бийлиги акчалай белек берет экен» дегенди да жаздың эле. Эми кеп акчада эмес, кеп элинин ден соолугун ойлогондорунда. А бизде жөө басып жатасыңбы, төшөктө жатасыңбы, күндөн-күнгө кымбаттаган азык-түлүккө эптеп пенсияң жетип жатабы — эч кимдин иши жок. Эми жаңы бийлик келди, элди ойлойт болду бекен?
— Анын баарын айтып отурсаңыз кагаз бети арманга толуп кетет. Андан көрө ушу жерден ден соолукка байланыштуу күлкүдөн бир шиңгил таштай
кетсеңиз?
— Адам баласы 40 жашка чейин өзүнүн ден соолугуна жырткычтай мамиле

кылат экен. Аңды-дөңдү карабай какшаган муздак суз ичип, ташка отуруп, бетон менен көк чөптүн үстүнө оонап, кыштын суугунда киндигин көрсөтүп, сулуу периште тизесине эки карыш жетпеген юбканы кийип алса, кичине эңкейсе эле «чарбасы» көрүнөт. Маршруткада кетип баратып ошентсе, так секирип тура калам деп башымды төбөсүнө уруп алам. Реакция бар да! 17-19 жаштагылар кызыл ашыгын көрсөтүп, мода демиш этип, ошону өнөр көрөт. Анан баягы талкаланган ден соолук 40 жаштан кийин адам баласынан өчүн алып тынат экен.
— Мунуңуз эске алчу нерсе болуп калды, өзгөчө жаштар окуп, бир тыянак
чыгарса экен. Сизге чоң ырахмат, бүгүнкү маегибиз соңуна чыксын. Күлкүңүз да бир аз мурункудай болбой калыптыр, философиясы терең күлкү болду.
— Жашоо ушуга такады. Элдин курсагы ток болсо, эч бир илдет жок болсо,
анан күлкүм да оңолот…
Сурат Жылкычиев «Азия Ньюс» гезити
Предыдущая статьяОрусияда жатаканадан кыргыз жаран кулап каза болду
Следующая статьяВИДЕО-Арстан Алай шоу-бизнеске аттанып, ырчы болот

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here