Интернеттен таанышкан жигитке арбалып Москвага качып кеткен

Дагы бир жыйырма жаштагы кыз дайынсыз болуп туугандары жергиликтүү басылмалар аркылуу коомдон жардам суроодо. Бул тууралуу SUPER.KG басылмасы жазып чыкты. Алардын маалыматында, Ош шаарында 20 жаштагы Айдана Сатыбалдиева аттуу кыз үч күндөн бери дайынсыз болууда. Туугандарынын билдирүүсүндө ал апасына айтпай жигити чакырганынан Москвага учуп кетти деп божомолдошууда. “Айдана социалдык тармактан бир жигит менен таанышыптыр. Ал анын жигити деле эмес болучу. Балким ал кызыбызды алдоо жолу менен чакырып алгандыр. 21-май күнү ал бизге айтпай Москвага учуп кетиптир кызыгы ага билетти ким алып бергени да белгисиз ” –деп тынчсызданышууда туугандары.

Кыздын атасы өтүп кетип, апасы менен чогуу жашаган. Кимде ким кызды көрүп билген болсо төмөндөгү телефон номерине байланышып коюшун өтүнүшөт.  0553-83-49-76.

Add your comment

Your email address will not be published.