Айнура Сегизбаева: «Жолдошум Абдил актыгы менен эркиндикке чыгарына ишенем»

— Абдил Сегизбаев менен байланышып атасызбы? Ден соолугу, духу
кандай?
Кудайга шүгүр, Абдил менен кат аркылуу байланышып турам. Абдил абдан
сабырдуу, чыдамкай адам. Кыйналса да билгизбейт, тескерисинче, темир тордун артында болсо да бизди күчтөндүрүп, көңүлүбүздү чөктүрбөй, колдоп келет Кат алганда аны кайра-кайра балдарга окуп берем, кадимкидей балдарыбыз менен атабызды көргөнсүп калабыз. Мен карапайым элге ыраазымын, ушул төрт айда соцтармактардан, көптөгөн адамдардан көз көрүнөө моралдык колдоо алдым. Бул мага жана Абдилге чоң жардам. Адам чоң үмүт менен жашайт, биз да үмүт кылып, Абдил актыгы менен эркиндикке чыгарына ишенип, жашап атабыз.
— Жолдошуңузга бир топ кылмыш иштери козголгонунан кабардарбыз.
Жаңылары да кошулгандыр, бир сыйра маалымат бере кетсеңиз?
— Төрт ай мурун козголгон иштер боюнча жарыялашкан. Бирок убакыт өткөн сайын тергөө жүрүшү жөнүндө маалымат жок. Абдилди 4-5 жолу гана тергөөгө чакырышты. Азырынча бир гана Белиз документтери боюнча шектүү катары айтып атышат. Белиз — бул адамдардын ортосундагы иш. Граждандык сот карашы керек. Мамлекетке зыян келтирилген эмес. Баардык юристтер менен сүйлөшсөк, «Абдилдин эч күнөөсү жок» деп аитышууда. Депутаттардын аброюн Абдил эмес, өздөрүнүн кылыктары, туруксуздугу түшүрдү. Абдилдин бир гана кылганы — ал тайманбай ошол «Мегакомдогу» коррупцияны көтөрүп чыккандыгы болду.
— Тергөө иштери кандай жүрүүдө? Моралдык-психологиялык кысымдар
жасалган жокпу?
— Тергөө иштери боюнча адвокат аркылуу билип турам. Акыркы төрт айда 4-5
жолу гана суракка алынды. Мен ишенем, ошол эле тергөөчүлөр козголгон иштердин негизи жок экенин түшүнүп турушат. Башкалардар болуп Абдил мамлекеттен бир буюм же өзүнө эч нерсе алган эмес экен. Ошондуктан «депутаттарды таарынтты. Аброюна шек келтирүүчү сөз айтты» деген суу кечпеген айып.
— Абдил Сегизбаев коомдук-саясый турмушка көз караштарын билдирип
атты эле. Соңку убактарда тынчып калды. Ал дагы эле күрөшчүл позициядабы?
— Абдил ар бир нерсеге өз пикири бар адам. Эч нерседен тайманбай бетке
айтат. Бийликтегилер Абдилдей бетке айткан адамдарды душман катары таанышат. Бирок кыргыздын тарыхын карасаңар, жаманатты болуп кеткен президенттердин түбүнө жеткендер бетке чындыкты айткандар эмес, тескерисинче, жанында айга-күнгө теңеп, этегине намаз окугандар болгон. Ал эми Абдил сын-пикирин ар дайым айтып келген. Кечээки эле каргашалуу Баткен окуясында элибиз кан жутуп, жаш балдарыбызды жоготуп турган учурда ички саясый карама-каршылыкты токтотуп, мекенибиздин турукташына ар бир жаран салым кошууга милдеттүү экенин Абдил да мамлекетчил инсан катары түшүнүп турат. Буюрса, бул сыноолордон да өтөбүз, негизинен мекенибизде аманчылык болсун.
— Сиз бийликке карата курч ой-пикирлериңизди билдирип каласыз.
Саясатка аралашуу оюңуз барбы?
— Мен саясатчы эмесмин. Болгум да келбейт. Бир гана Абдилди камашканда өз чындыгымды эл алдына чыгып айтууга аргасыз болдум. Аялзаттын саясаттан башка көптөгөн өз милдеттери бар — балдарды тарбиялоо, үйдөгү жылуулукту, бейпилдикти сактоо, тууган-туушкандар менен алака түзүү деген сыяктуу. Эгер Кудайдын буйругу менен атабыз үйгө кайтып келсе, мен ушул гана милдеттериме сүйүнүп кайтат элем.
— Соңку убактарда жеке жашооңузда, жандүйнөңүздө кандай өзгөрүүлөр
болууда?
— Жашоо өз нугу менен өтүп атат. Балдарыма көбүрөөк көнүл буруп, атасынын
жоктугун толуктаганга баардык аракетимди кылам. Бирок, атанын ордун аял киши толуктоо мүмкүн эмес экен. Балдар атасынын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп атышат. Ар бир сыноонун артынан жакшылык келет, оор кыйынчылыктан соң Жаратканыбыз ийгилик тартуулайт. Биз да ушул үмүт менен жашайбыз. Буюрса, ойлогонубуз сөзсүз ишке ашат!
Асланбек Сартбаев «Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.