Чүйдө түн ичинде балдызын аялы менен алмаштырып алган эркек соттолду…

Сокулук районунун Новопавловка айылында 1986-жылы туулган К.Э.О аялынын 16 жаштагы сиңдисин (Ж. К. Н.) зордуктап, венерологиялык ооруларды (жыныстык жол менен жугуучу оорулар) ооруну жуктурган. Сот аны 7,5 жылга эркинен ажыратты.

Сокулук райондук сотунун аныктамасында маалымдалгандай, убактылуу жумушсуз Эмил (К.Э.О) 2019-жылдын 12-октябрынан 13-октябрга караган түнү Новопавловка айылындагы үйдө аялынын сиңдиси жашы жете элек кыз экендигин билип, аны күч менен чечинтип зордуктаган. Сот отурумунда айыпталуучу Эмил күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган.

Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында аялы тойго кетип, өзү мас абалда болгон. Ошол маалда балдызын аялына алмаштырып алып, аны менен жыныстык катнашка барган. Андан кийин 14-октябрда Россияга кеткен. Эмил бул ишке өкүнүп жатканын, атайын жасабаганын, мастыгынан улам болгонун, балдызы жашы жете элек экенин билгенин кошумчалады.

Сот отурумуна жабырлануучу кыз мыйзамдуу өкүлү жана Сокулук районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү менен бирге катышкан. Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында жездеси А телефон чалып, үйгө барып тамак бышыр деп айткан. Жездеси түнкү саат 01:00 чамасында мас болуп барган. Эжесинин атын айтып, күч менен анын кийимин чечкен. Кыз коркконунан ага эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Эмил аны бекем кармап, оозун жаап, зордуктаган. Жыныстык катнаш бүткөндөн кийин кыз аны коё бер деп сураганда, эмне үчүн буга чейин унчукпай жаткандыгын сураган.

Жабырлануучу белгилегендей, төшөктөн кандын тагын көргөн эмес. Бул окуяга чейин 2-3 ай мурун жигити менен жыныстык катнашта болгонун айтып, кайра эч ким менен буга чейин сүйлөшпөгөндүгүн билдирген. Жездеси зордуктагандан кийин эшикке чыгып, бир аз убакыт отурган. Эртеси күнү саат 09:00 чамасында жездесинин үйүнөн чыгып, өзүнүн үйүнө барган. Анан ич кийимин жууп, окуяны коркконунан эч кимге айткан эмес. Жабырлануучу  жездеси аны эжеси менен алмаштырып, ушул ишке барганын кошумчалады. Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн айтымында, кызынын окуясын уккандан кийин түнкү саат 03:00 чамасында күйөө баласынын үйүнө барып, аны таппай калган. Ал эми кызы мурун бирөө менен жыныстык катнашка барганын билген эмес.

Сот отурумунда күбө айыпталуучу анын жолдошу болорун жана ортодо бир баласы бар экенин билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын 12-октябрында Тогуз-Тородо болчу. Андан кийин сиңдиси болгон окуяны айтып берген. Жолдошу алгач күнөөсүн мойнуна албай, кийин Россияга качып кеткенин билдирген. Эмил Жазык кодексинин 164-беренеси менен (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. КР «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде берилген жаза үчтөн бирге кыскартылды.

fakt.kg

Add your comment

Your email address will not be published.