Бул менин эсимде калган туулган күн болду. Эч качан унутпайм. Кийин карылыкка алдырып эле эсимден чыгып кетпесе. Кайын энемдин бул аракети мен үчүн баа жеткис нерсе болуп саналат.
Кайын энем айылдын медпунктунун регистратурасында иштейт. Жумасына үч жолу барып келет. Айлыгы өтө аз. 2000 сомго жетпеген акча алат. Анысы колго тиери менен бизге таттуу алганы дүкөнгө жөнөйт.
Кош бойлуумун. Декретке чыгып үйдө отурам. Күйөөм эле иштеп жатат. Тыйын жагынан бир аз тартыш болууда. Өзүм деле жумушу жок отура албайм. Аман-эсен көз жарып алсам, кайра
сүйүктүү жумушума барам. Тойлордо сүрөт тартып иштейм. Кесибим өзүмө аябай жагат.
Кечээ туулган күнүм болду. Эң сонун туулган күнүм болду. Күйөөм алтын чынжыр менен гүл
берип ойготту. Анан жумушуна жөнөп кетти. Байкушум, топтоп жүргөн тыйындарына сатып алыптыр. Кымбат экени көрүнүп турат. Эми айлык алгыча жумушуна жөө барат. Анан ата-энем,
курбуларым чалып куттуктады.
Кайын энем эмне берди дебейсиңерби? Боюма бүткөндөн бери мантыга талгак болдум. Өзүңөр
билгендей эт кымбат. Картошка менен жасап жеп жүрдүм, бирок ага дагы болбоду. Кайын эн м
болсо, таң эрте туруп манты бышырыптыр. Ичи толтура эт. Кудум мен каалагандай. Этти болсо
кошунадан сурап келиптир.
«Менин тыйыным түшө элек. Сага бир нерсе алалабай калдым, кызым. Капа болбо. Колумдан ушул мантыны жасаган эле келди. Талгак болуп кыйналып жүрдүң эле. Келегой, жеп ал. Керим (күйөөм) келсе, калтырбай коет.
Көзүмдөн жаш агат десеңер. Рахматымды айтып кучактап алып ыйладым. Бул мен үчүн эң баалуу белек. Биринчи жолу телефон, гүл же шоколад эмес, манты алышым. Мага болгон мамилеси эле канча турат. Мен үчүн кошунадан карызга эт сураганычы…
Экөөбүз отуруп алып манты жедик. Кечинде күйөөм торт көтөрүп келди. Дагы майрамдадык. Кайын энеме рахмат айткым келди. Апа, муну окуйсузбу же жокпу билбейм. Балким, мен жокто Керим окуп берет (күлүп). Мен сизди жакшы көрөм. Өз кызыңыздай кабыл алып, таң эрте бакырып эмес, бетимден өөп ойготосуз. Ар дайым мени аяп, Керимди урушасыз. Мен жок чай ичпей отурарыңызды дагы билем. Тойго барсаңыз жилигиңизди жебей мага деп көтөрүп келесиз. Өзүңүз жыртык байпагыңызды тигип алып, мага жаңысын алып бересиз. Анан кантип
сизди жакшы көрбөй коем. Апа, баары үчүн рахмат. Мен сизди аябай жакшы көрөм.
Предыдущая статьяҮч уулумду жетелеп чыгып кеттим, барарга жерим жок…
Следующая статьяСооронбай Жээнбековду экс- статусунан ажыратууга аз калды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here