Акыры ажырашууну чечтим… Үч балам менен үйдөн чыгып кеттим. Балдарымдын бир-эки сыйра кийимдерин алганым болбосо баары калды. Заңгыраган үй, буга чейин чогулткан дүнүйө-мүлкүмдүн баарын таштадым. Буларга караганда эркин дем алуу кандай баалуу экенин кеч түшүнүп турдум. Барарга жерим жок болсо да бул үйдүн каалгасын жаап чыгып кеткеним эрдик болуп турду.

Күйөөмдүн жемекорлугуна, зөөкүрлүгүнө чыдап он жылдай жашапмын. Ар бир ичкен-жегеним, сүйлөгөнүм, баскан-турганымдын баары анын көзөмөлүндө. Анын жемесине, кордогонуна, урганына боздоп ыйлап канча түндөрдү өткөрдүм. Азыр өткөн күндөрдү элестетсем жөн гана куурчактай, оюнчуктай, жүрөгү жок адамдай мамиле жасачу экен.

Алгач курбумдун үйүнө барып түнөдүк. Батирге, убактылуу тамак-ашка курбум жардам берди. Оор күндөр өттү. Же балдарымды бага албай, же иш таба албай бир топ кыйналдым. Бирок, кайтып барганым жок. Кыйын күндөрдү жеңдим. Азыр балдарым бой жетишти. Баары акылдуу, эмгекчил чыгышты. Баары жетиштүү. Кудайга шүгүр, оюмдагыдай. Бир гана жаш күндөрүмдө жүрөгүмдө калган кара так, кайрадан тынчтык бербей үйүбүздү сагалаган күйөөм көңүл чөгөрөт…

Булак: Азия News гезити

Предыдущая статья«Нормальный келиндер оорубаш керек!» деген кайненемдин сөзү мени өзгөрттү
Следующая статьяКайын энемдин туулган күнүмдө берген белеги көз жашымды агызды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here