Учурда элдик референдумдун жыйынтыгы чыгып, өлкөнүн жоопкерчилиги толук кандуу президентке жүктөлгөнү турат. Ошондон улам Президент Садыр Жапаров революциядан кийинки өткөөл мезгилде келген “убактылууларды” жаңы чакырыктарга жооп берген салмактуу кадрларга алмаштырууга ниеттенип турган учуру. “Жакшы ниет – жарым ырыс” дегендей Президент мырза ички жана тышкы саясий абалды эске алуу менен өлкө аймагындагы саясий күчтөрдү улуттук идеологиянын тегерегине топтоону көздөп  жатыптыр. Сталин айткандай чындап эле кадрлар баарын чечери бештен белгилүү эмеспи. Анктен менен тууган-урук, дос-жар, тааныш-билиш принцибин эске алганда чукул арада кадр саясатын оңдоп кетүү да оңой иш эмес. Ошол эле учурда президенттин кадрдык саясатына таасир этчү күчтөр кедергисин тийгизип, арабаны оңго-солго тартары турган иш.

Президентке болгон таасирин жоготуудан корккондор “коркконго кош көрүнөт” болуп президенттин тигил же бул салмактуу саясатчылар менен кызматташуусуна жолтоо болгондор да жок эмес экен. Садыр Жапаров жакынкы күндөрдө кимге эмне сунуштарын алдын-ала билген амалкөйлөр күн мурунтан ортого от жагуу менен алек. Мына ошол азаматтар Садыр Жапаровдун Бактыбек Калмаматовго үлкөн кызмат сунуштарын эшиткенден бери Калмаматовго каршы кара пияр менен алек. Эринбей отуруп, эски видеолорду кескилеп, бир жактуу жаман көрсөтүү менен убара. Кызыгы силер кескилеген эски видеолордун толугун көрүп отуруп, кечээки, 5-октябрдагы толкундоолорго Калмаматовдун кошкон салымы ат көтөргүс экен. Канткен күндө да Жапаров менен Калмаматовду кайраштыруудан өзүңөргө да, өлкөгө да пайда чыкпарын билсеңер болгону. Көздүү мончок жерде калбайт эмеспи…

Предыдущая статьяТенгиз Бөлтүрүк: «Кечээ эле 29 млн долларлык алтындын биринчи партиясын саттык»
Следующая статьяМуфтияттын алдына боз үй тигилип, митинг өтүп жатат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here