Мындай пикирин  фейсбуктун колдонуучусу Семетей Талас уулу жазып чыкты:
«Нариман Түлеев, асылганың эле Аскар Салымбеков болду. Бийлик үчүн анчалык жанталашпачы. Чекеңе мэр болуу азырынча жазылбаптыр. Буюрбаса мэрлик эмес, б… башкасы да жок. Аскар Салымбеков убагында саз басып жаткан жерди КМШ өлкөлөрүнө аты угулган килейген Дордой базарын түптөгөн, аны экономиканын авангарды кылганга жетишкен. Канча миңдеген кыргыз Дордойдон бутуна туруп, жашоосун оңдошту. Асты миллионерлер. Арты орто класс. Керек болсо Дордой жаңы ачылганда тачки түртүп жүргөндөр, бүгүн 2 этаж тамы, жакшынакай автоунаасы, чакан бизнеси бар кичи ишкерлер. Ошо кездери казактар дагы Дордойдой базар ачып, атаандаш болууну көздөшкөн, бирок Аскар байкенин кыраакылыгы, менеджерлиги менен Дордой ал экономикалык атаандаштыктын бут тосууларынан базарды чыгарып кеткен. Эгерде ошол кезде Дордой базары болбогондо ушунча киши кайдан жумуш тапмак, кандай оор жылдар эле ошол мезгилдер. Дордой базары он миңдеген кишиге жумушчу орун түзгөн, турмушун оңдогонго жардам берген берекелүү базар болбоду беле. Бирок, аны билбей калышың мүмкүн. Себеби, а кезде темир сатчусуң. Кыргызстандын талкаланган завод-фабрикаларынын темирин. Эмне деген жапжаңы станоктор кетти Кытайга. Анын ордун кытайлык сапаты начар автобустардын күмбөзү менен толтурдуң. Ошентип жүрүп сиз деле алгачкы 100 миллион долларыңды тээ 90 жылдарда эле таппадыңыз беле.
Аскар Салымбеков ошол оор жылдары мамлекет карабай калган спортко жана спортсмендерге кандай жардам берчү эле. Көкбөрүнү алгач ушу киши каржылап, эл аралык аренага чыгарды эле го. Азыркыга чейин жардам берип келет. Мына, бүгүнкү олимпиадага лицензия алган балбандардын көбү «Дордой» спорт клубунда машыгып жана стипендия алып жүргөндөр.
Эми, шайлоо ыплас өттү. Бардыгыңар акча чачып атсаңар «Эмгек» деле чачты. Бирок анын баары Аскар Салымбековго жөндөн-жөн асылууга негиз бербейт.
Кыскасы, сый бололу брат. Жөн эле чукушуп, сыйдан кеткен болбойт. Жаза турчу көп нерсе бар эле. Кой дедим. Так что, кой дегенде коюп кал))))))»-деп жазды ал.
Предыдущая статьяВасилий Дашковдун уулу «Кыргыз Темир жолго» байланыштуу корупцияга шектелүүдө
Следующая статьяСуваналиев Баткенден кеткенден кийин контрабанда, баңгизат гүлдөй баштады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here