Пт. Янв 21st, 2022

Башыман өткөн окуяны жазгым келди. Балким менин тагдырыма жардам бере бурган же сабак ала тургандар болуп калаар. Эки жыл мурун жол кырсыгынан жолдошум каза болуп калган. Колумда үч балам бар. Күйөөмдун ашынан кийин төркүнум алып кетели дегенинен кайненемди кыйбай барбай койгом. Кийинки кайним үйлөнүп, жолдошумдун учурунда чала бүткөнгөн үйдү бүтүрүп кирип жатам. Кызыктын баары  буга чейин сөз айтпаган кайненем акем каза болуп калып ал жакка кеткенде башталды.  Ал жакка мени коштоп эч бир кайын журтум да барган жок. Акемдин кыркы айт күнүнө келип калып, туугандарымдын үйүндө калып калгам. Ал күнү кайненем чалып жыт чыгарып куран окутпай төркүлөп жүрөсүн деп бир аз нааразылашып калганбыз. Жообуңду берейин кайрылып келбе деп айтты. Мен ушуга тан болуп жатам. Үйдү эки уулумду жетим кылбай ата үйундө отурсун деп бир туугандарымды тытмалап жатып бүтүртүп экинчи күйөөнү ойлобостон жашап келсем кайненем тымызын үйдү бошот дегендей кылып жатат.  Азыр эки анжы ойдо жашап жатам.

Жыргал

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *