Артём Новиков Орусия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Орусия-кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев төрагалык кызматынан бошотулду. Буга катар Артём Новиков үч жылдык мөөнөткө аталган фонддун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө..

Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

РКӨФтү быйылкы жылдын март айынан бери Азиз Аалиев жетектеп келген.

Ал эми Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан.

Предыдущая статьяБаткенде дайынсыз болгон адамдын кийимдери табылды
Следующая статья“ Эки, үчөөңөр чыккыла”. Дастан Шаршеевди тажик мушкери беттешке чакырды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here