Качкын президенттерди Жогорку Кеңештин жыйынына чакыруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты  Шайлообек Атазов айтып чыкты.

Анын айтымында, депутаттар жакында Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулашкан. Анда төрага Акылбек Жапаров Centerra Gold компаниясы менен макулдашуу кагазына кол койгон саясатчыларды, анын ичинде экс-президенттер жана премьер-министрлерди да баса белгилеп айтып кеткенден кийинки жоптор болуп жаткан.

«Кремлде кимдир бирөө сүйлөйт жана маек курат, бирөө түрмөдө. Алар жагымсыз чечимдерди кабыл алышты. Ошондуктан аларды чакырып, сураш керек», — деди Атазов.

Эскерте кетсек буга чейин Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча күнөөсү жок экенин айтып, ага күнөөкөрлөрдүн атын да атап өткөн эле.

Предыдущая статьяЧоң Алайлыктарды чек ара тилкесин тажик тарап бузуп жатканын тынчсыздандырууда
Следующая статьяАккулу Бердиев: Чоң-Алайда тажиктер окоп казып жатат деп жарандар тынчсызданууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here