Нурлан Абдылдаев: «Башкы прокуратура мыйзамды жаңылоодо жаңылып жатат»

Башкы прокуратура кодекстерди жаңылоодо бир топ катачылыктарды кетирип жатат. Бул тууралуу ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев «Марал ФМ» радиосундагы маегинде баса белгилеп кетти.

«Мыйзам жазып жатканда, баарын билүүгө мүмкүн эмес, бир адам бир тармакты 80-90% билгенге мүмкүнчүлүгү бар. Прокуратура талкуу иштерине учурда оперативдүү кызматтарда иштеген, же мурда иштеп кеткен эксперттерден кошуп, алардын оюн угуп, мыйзамдардын нормаларынын ичинде оперативдүү кызматтын ордун аныктап алса болот эле. Бул жумушту билбей туруп, «силер муну жасайсыңар» деп калтырып коюп атат. Же болбосо, бул кызматты жоюп туруп, мамлекеттин максаттарына жазбоо керек. Кылмышка бөгөт коюу, эскертүү, алдын алуу деген милдеттерди алып салуу керек. Анда постфактум иштейли деш керек. Анда кылмыш болгондон кийин гана иш жүрөт. Аны жойбой туруп, ыкчам иликтөө кызматкерлерине иштөө мыйзамын «диктовка» кылган болбойт», — дейт Абдылдаев.

 

Add your comment

Your email address will not be published.