Коронавирустан улам жүрөгү токтоп калган чон эне күтүүсүздөн эсине келген. Бул тууралуу Insider басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, Индияда коронавирустан улам үйдө дарыланып жаткан 76 жаштагы Шакунтала Гайквад аттуу байбиче тиги дүйнөдөн кайтып келди.  Буга чейин байбиче коронавирус жугузуп алып, жергиликтүү ооруканадарда орун жоктугунан үй шартында дарыланып келген. Коронавирус өтушуп кетип байбиченин абалы оорлоп калганда  балдары Барамати шаарындагы ооруканага алып барышкан. Ал жерде жүздөгөн кезек утүүчулөрдөн кезеги жеткенче байбиче өзүн жаман сезип эсин жоготуп койгон. Көп өтпөй дарыгерлер жүрөгу токтоп калганын айтышкан. Ысыкта сөөкту айылга тезинен алып барып өрттөмөк болгон учурда байбиче кайрадан тирилип, маркум менен коштошууга чогулгандардын оозун ачырган. Учурда байбиче ооруканада дарыгерлердин карамагында дарыланып жатат.

 

Предыдущая статьяБатирин өрттөйм деп кошунасынын коногун өлтүруп алды
Следующая статьяӨзгөндө 10-класстын окуучусу мектептин терезесинен секирип кетти

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here