Галина Байтерек жаңы кызматка дайындалды

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтекер бул кызматтан кетип, жаңы орунга дайындалды. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 18-майда кол койгон жарлыкка ылайык ал президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө башчы болуп дайындалды.

Галина Байтерек өзү «Фейсбуктагы» баракчасына бүгүн басма сөз катчылык кызматта акыркы күн иштеп жатканын, президент Садыр Жапаров менен жакшы адамдык жана иш мамиледе калып жатышканын, алдына коюлган иш милдеттердин баарын аткарганын жана алдыда «жумуштун жаңы фронту» турганын жазды.

Add your comment

Your email address will not be published.