Дайынсыз болуп жаткан коноктун сөөгү суудан табылган

Дайынсыз болуп жаткан аламүдундүн тургунунун сөөгү  ЧЧКдан табылды.

Бул тууралуу Свердлов районунун ИИБнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 16-май күнү Буденный көсөчүн кесип аккан ЧЧК суусунан калкып агып бара жаткан адамдын сөөгү табылган. Маркум 30-35 жаштагы европа улутундагы адам экени аныкталган.

Көп өтпөй  Аламүдүн районунун тургуну маркумду уулуна келген конок экенин айтып, 11 майда чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Буга чейин анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу милицияга кайрылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Add your comment

Your email address will not be published.