Бийлик Баткенде кыйраган обьектилерди калыбына келтирүүгө Кытайдан жардам сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу 17-майда ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Бакашова Баткен облусунун чектеш айылдарында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берип, кытай тарапка кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган калкка көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кытай тарапка кайрылып, Баткен облусундагы инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-кытай кызматташтыгы жогорку деңгээлде турарын, ал эми Кыргызстан менен Кытай ортосундагы салттуу достук коронавирус пандемиясына карабастан чыңдалууда деп баса белгиледи.

Ду Дэвэнь Кытай тарап Министрлер кабинетинин инфраструктуралык же социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча сунуштарын карап чыгарын белгиледи.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда жаңжал учурунда жабыркаган кыргызстандыктардын үйлөрүн өкмөт калыбына келтирип берээрин билдирген болчу.
Булак: kloop.asia

Add your comment

Your email address will not be published.