Уруштан улам үйүн өрттөйм деп кошунасынын коногун өлтүрүп алган. Бул тууралуу Жайыл районунун ИИБү билдирди.
Маалыматта, Кара-Балта шаарынын тургуну 54 жаштагы жаран аялы менен уруша кеткен. Аялы кеткенден кийин газды чыгарып үйүн өрттөөгө аракет кылган. Жогорку кабатында жашаган 57-жаштагы кошунасы оор абалда ооруканага түшүп, анын 40-жаштагы коногу газга ууланып каза болуп калган.
Көп өтпөй 54-жаштагы жаран кармалып, бирок ал башында күнөөнү мойнуна алган эмес. Андан кийин гана аялы менен уруша кетип батирин өртөөгө аракет кылганын айткан.