Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин, тажиктер окоп казып жатышканын айтты.

«Чоң-Алайда тактап айтканда, кыргыз-тажик чек арасына келип, тажиктер окоп казып, отуруп жатышат. Жарандарда коркунуч пайда болуп жатат» деп ызылдап чалып жатышат. Ошондуктан премьер-министр Мариповдун өзүн чакырып, чек ара кызматын чакырып ушуну укпайлыбы. 1999-жылы чоң кол солуу Чоң-Алайда болгон. Азыр да ошондой коркунуч пайда болуп жатат. Тез арада чечим кабыл албасак, Баткендегиден жаман болот. Ал жакта тосуп чыкканга адамдар аз. Алар Сарыташ, Гүлчөгө чейин келип калышы мүмкүн»,- деди ал.

Предыдущая статьяШайлообек Атазов: «Качкын президенттер да жөн калбай суралыш керек»
Следующая статьяСапар Исаковдун орду Москвада эмес, түрмөдө!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here