Айдана Дека: «Кудайдын буйругу менен жакында экинчи жолу апа болом»

Бул тууралуу ырчы Айдана Деке жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
«Кудайдын буйругу менен жакында экинчи жолу апа болом. Майрам күнү сиздер менен жакшы жаңылыгымды бөлүшкүм келди. Эми курсагым менен түшкөн сүрөттөрүмдү жүктөп турам» деп жазган ырчы айым.
Эске салсак, ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою 2019- жылдын 16-мартында Ош облусунда, ал эми 26-мартта Бишкек шаарында өткөн. Учурда жаш ата-эненин Ариана аттуу кызы бар.

Add your comment

Your email address will not be published.