Садыр Жапаров аралыктан иштеп баштады

Президент Садыр Жапаров алдыдагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөө режимине өтүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, президент «эпидемиологиялык абалдын курчуп жаткандыгын эске алуу менен, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу» аралыктан иштөө режимине өткөн.

«Мамлекет башчысы өлкөдө болуп жаткан бардык иш-чараларды, анын ичинде социалдык-экономикалык иш-чараларды туруктуу көзөмөлдөп турат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Россиянын башчылары май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары менен барууну макулдашкан.

Add your comment

Your email address will not be published.